<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Альбина Дуйшеева</author>
<lyrics>[V1]
 Ал сени аңчынын торунан куткарат
 Ал сени өзүнүн канатына калкалайт
 Чак түштө кырган жугуштуу оорудан
 Ал сени каргыштан бошотот

[C1]
   Мен таянган Кудай
   Баш калкалаар жайым,
   Менин чебим Теңир Сен.
   Мен таянган Кудай
   Баш калкалаар жайым,
   Менин чебим Теңир Сен.

[V2]
 Теңириңди тандап сүйгөндүгүң үчүн
 Ал сени айыкпас дарттан куткарат
 Чакырганда угат, өмүрүң узартат.
 Үйүңө жугуштуу оору жолобойт.

[V3]
 Менин тирегим Теңир сен дегенсиң
 Баарынан жогору турган Кудайды,
 Өзүңө баш паана кылып алгансың
 Эч качан жамандык көрбөйсүң.</lyrics>
<title>90-Забур</title>
</song>